Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

МАГАТЭ: Запорожье АЭСиндеги кырдаал кооптуу, коргоо зонасын түзүү каралууда

Украина армиясы Энергодарды жана шаарга чектеш Запорожье АЭСинин аймагын аткылоону улантууда. Сергей Шойгу Киев станцияны атайылап аткылап өзөктүк катастрофа коркунучун жаратууга умтулуп жатканын билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин (МАГАТЭ) башчысы Рафаэль Гросси жума күнү Запорожье атомдук электр станциясынын айланасындагы кырдаал кооптуу бойдон калып жатканын билдирди. Анын сөзү агенттиктин сайтына жарыяланганын РИА Новости жазды.
"Запорожьедеги атомдук электр станциясындагы кырдаал туруксуз. Биз ал жерде өзөктүк апаатты болтурбоо үчүн колдон келгендин баарын жасап жатабыз", — деди Гросси.
Анын айтымында, МАГАТЭ Украинада жайгашкан станциялардагы мүмкүн болуучу тобокелдиктерди азайтуу боюнча да иштеп жатат.
Ошону менен бирге Гросси Запорожье АЭСинин айланасын коргоо зонасын түзүү аракети макулдашылып, жакын арада ишке кириши мүмкүн экенин да четке каккан эмес.
"Бул азыр өтө зарыл болуп турган нерсе", — деди ал.
Ал эми коргоо зонасын түзүү демилгеси Россияга таандык. Өлкөнүн тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков МАГАТЭге жолдонгон сунушта аталган зонанын конкреттүү параметрлери көрсөтүлгөнүн белгилеген.
Запорожье АЭСи Днепрдин сол жээгинде Энергодар шаарына жакын жерде жайгашкан. Бул — блоктордун саны жана орнотулган кубаттуулугу боюнча Европадагы эң ири атомдук электр станциясы. Анда ар биринин кубаттуулугу 1 гигаватт болгон алты энергоблок бар. Март айынан бери ал орус аскерлеринин коргоосунда. РоссиянынТышкы иштер министрлиги бул кадам өзөктүк жана радиоактивдүү материалдардын сыртка чыгып кетпеши үчүн жасалганын айткан.
Украина армиясы Энергодарды жана шаарга чектеш Запорожье АЭСинин аймагын аткылоону улантууда. Россиянын коргоо министри Сергей Шойгу Киев станцияга сокку уруп өзөктүк катастрофа коркунучун жаратууга умтулуп жатканын билдирген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Кайрадан аткылоого алынган Запорожье АЭСи. Видео