Токтогулда 20 киши бурганакта жолдо калган. ӨКМ техникасы тартылды

Sputnik
БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда бурганактан улам Торкен — Толук унаа жолунун 35-чакырымында Honda Stepwgn үлгүсүндөгү үч автоунаа жолдо калган. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.
Маалыматка ылайык, унаалардын ичинде 20 адам болгон, анын экөө жаш бала экени айтылды.
Жерине эки куткаруучу жана эки бульдозер тартылып, жолоочулар саат 06:50дө Толук айылына жеткирилген. Жабыркагандар жок.
Шашылыш билдирүү! Бишкек — Ош унаа жолунда кар көчкү жүрүшү мүмкүн