Эл аралык темир жол каттамдарынын графигине өзгөртүүлөр киргизилди. Чоо-жайы

Маалыматта билеттердин баасына поезддердин жөнөгөнгө чейин сатуу мөөнөтүнө жараша арзандатуулар каралганы айтылган.
Sputnik
БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. 2022-жылдын 11-декабрынан тарта 2023-жылдын 10-декабрына чейин эл аралык темир жол каттамдарынын убактысы өзгөрдү. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасынан билдирди.
Ага ылайык, жол каттамдары төмөнкүдөй болмокчу:
Бишкек — Самара — Бишкек жүргүнчү поезди Бишкек-2 темир жол бекетинен шаршемби жана жума күндөрү саат 23:23тө (жергиликтүү убакыт боюнча) жөнөйт;
Бишкек — Казань — Бишкек жүргүнчү поезди дүйшөмбү күндөрү саат 17:12де жөнөйт;
Бишкек — Новосибирск — Бишкек жүргүнчү поезди сегиз күндө бир жолу каттап, Бишкек-2 темир жол бекетинен саат 02:14тө жөнөйт.
Маалыматта бир чоң кишиге (жүргүнчүгө) өзүнчө орун ээлебестен 5 жашка чейинки бир баланы бекер ташууга болору айтылган. Беш жаштан он жашка чейинки балдарга өзүнчө орун менен жол киреге элүү пайызга арзандатуу каралган. Билеттин баасына шейшеп себилин пайдалануу кирет.
Билеттердин баасына поезддердин жөнөгөнгө чейин сатуу мөөнөтүнө жараша арзандатуулар каралганы айтылган. Мисалы, купе вагонуна:
Поезд жөнөгөнгө чейин 45 күндөн 41 күнгө чейинки аралыкта билет сатылып алынса 35 пайыз арзандатуу;
40 күндөн 11 күнгө чейин 25 пайыз арзандатуу;
10 күндөн 6 күнгө чейин 15 пайыз арзандатуу;
5 күн аралыгында билет сатылып алынса 5 пайыз арзандатуу каралган.
Плацкарт вагонунда:
Поезд жөнөгөнгө чейин 45 күндөн 41 күнгө чейинки аралыкта билет сатылып алынса 25 пайыз арзандатуу каралган;
40 күндөн 11 күнгө чейин 15 пайыз арзандатуу;
10 күндөн 6 күнгө чейин 5 пайыз арзандатуу;
5 күн аралыгында билет сатылып алынган учурда арзандатуу каралган эмес.
Бишкектеги инвестициялык саммит
Кыргызстан менен Россия Балыкчы — Кара-Кече темир жолу боюнча документке кол койду