Бишкекте таштанды иштетүүчү завод курууга чех компаниялары кызыкдар. Иш жылабы?

Таштандыны иштеткен завод куруу тууралуу кептин айтылганына көп болду.
Sputnik
БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. Таштандыны кайра иштеткен заводду куруу боюнча иш жыла баштады. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Бишкек мэриясынын маалымат катчысы Назгүл Жамгырчиева билдирди.
Анын айтымында, кечээ мэрияда чехиялык HDT Impex жана Taza Bio Systems компаниялары тарабынан даярдалган бир нече долбоордун бет ачары болгон.
"Чехиялык компаниялар долбоорлорун көрсөтүштү. Эми алардын ичинен эң жакшысы тандалат. Учурда муниципалитет сунуштарды карап, техникалык-экономикалык негиздемени иштеп чыгуу боюнча иштерди жүргүзүүдө", — деди Жамгырчиева.
Мэриядан буга чейин муниципалитет маселени чечүүгө кызыкчылыгын билдирген эл аралык компаниялар менен меморандумга кол койгондугун эске салышты. Учурда чехиялык компаниялардын долбоорлорун көрүп, жыйынтыгында макулдашуу эмес келишим түзүүгө аракет жасалып жатканы кошумчаланды.
Ошондой эле завод курууда полигондун айланасында жайгашкан үч жаңы конушту дарбаза менен курчоо дагы эске алынары айтылды. Эки тарап келишимге кол койгондон кийин маалымат дагы толукталмакчы.
Эске салсак, буга чейин Бишкектин мэри Эмилбек Абдыкадыров Жогорку Кеңештин депутаттары катышкан көчмө жыйында сентябрдын аягында муниципалитет таштандыны кайра иштеткен заводдун курулушун баштай тургандыгын билдирген.
Таштанды полигонун курууга бөлгөн 22 млн. евро кайда? Депутаттар иликтемей болду