БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. Ош шаарында "Күчтүү жарандык коомдун калыптануусундагы жаштардын ролу" аталышында жалпы улуттук жаштар съезди өткөрүлдү. Бул тууралуу иш-чараны уюштурган "Демилгелүү жаштар" борборунун төрагасы Аскар Алмаз уулу Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.
Анын айтымында, мындай съезд өлкөдө алгачкы жолу Ош шаарында өткөрүлүп жатат.
Съездге жалпы 750 делегат чакырылганы маалым болду. Башкы максаты жаштардын башын бириктирүү, ынтымакка чакыруу, дем-күч берүү болуп саналат.
"Коомдо негатив өтө көп болуп жатат. Ошол себептен борбордон атайын спикерлер чакырылды. Иш-чарада үч секция болду. Биринчисине социалдык медиа тармагындагы белгилүү журналист, блогерлер чакырылды. Ал эми экинчи секцияда жеке ишкерлер өсүп келе жаткан муунга ишкерлик тууралуу тажрыйбалары менен бөлүшсө, үчүнчү секцияда коомдук активдүүлүк боюнча долбоорлор тууралуу кеп болду", — деди Алмаз уулу.
Уюштуруучулардын айтымында, жаштардын кийинки съезди Талас шаарында өтөт.
Ал эми 2023-жылы жети дубандын борборлорунда өткөрүлүүсү пландаштырылып жатат.
Эскерте кетсек, иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев, коомдук ишмер Ассоль Молдокматова, активист Болот Ибрагимов баштаган өкүлдөр катышты.