Милиция чөнтөкчүлөр колдончу ыкмаларды көрсөтүп, сак болууга чакырды. Видео

Милиция коомдук жайда баалуу бумдарды же капчыкты көздөн оолак кармоону сунуштады.
Sputnik
БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. Бишкек шаардык милициясы коомдук транспортто, дүкөндөрдө же башка эл көп чогулган жерлерде жүргөндө жеке буюмдарга этият болууну эскертти.
Шаардык милиция чөнтөкчүлөр акча уурдап кете турган ыкмаларды видеого тартып көрсөтүп берген.
Мындан улам сактануу эрежелерин сунуштады:
чөнтөк капчыктар кийимдерден өзгөчөлөнүп өзүнө көңүлдү бурбай турганына көңүл буруңуз;
сизге жакындагысы келген, артыңызда же капталыңызда турган адамдарга маани бериңиз;
колуңуздагы акчаны, кымбат баалуу уюлдук телефондорду жана башка гаджеттерди бейтааныш адамдарга көрсөтпөңүз;
дүкөндө жүргөндө жеке буюмдарды себеттерге жана соода арабасына калтырбаңыз.
Эгер чөнтөкчүнүн кылмыштуу аракеттеринен жапа чеккен болсоңуз же шектүү адамдарды байкасаңыз, дароо жакынкы милиция кызматкерине кайрылыңыз. Ошондой эле күнү-түнү иштеген 102 кыска номерине чалуу сунушталды.
Шылуундарга кандай адамдар бат алданат. Эксперттин түшүндүрмөсү