Марокко командасы тарых жаратып, дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыкты

Эми Марокко футболчулары Англия — Франция беттешинин жеңүүчүсү менен кез келет.
Sputnik
БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. Марокконун курама командасы Португалиянын футболчуларын 1:0 эсеби менен утуп, дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыкты.
Марокко биринчиликтин жарым финалына чыккан алгачкы африкалык команда болуп калды. Чемпионаттын беш оюнунда марокколуктардын дарбазасына болгону бир гол кирген, Испания менен Бельгияны утуп, Хорватия менен тең чыккан.
Эми Марокко командасы Англия — Франция беттешинин жеңүүчүсү менен кез келет.
Америкалык комментатор футбол чемпионаты учурунда каза болду