Ош шаары 100 жыл мурун кандай болгон? Архивдик сүрөттөр

Үч миң жылдан ашык тарыхы бар Ош шаары Улуу Жибек Жолунун боюнда жайгашкандыктан келип кеткендер көп эле. Соодагерлер, жолоочулар ушул жерден эс алып сапарын улантчу. 1900-жылдардын башында көп улуттуу бул шаарда бир нече базар, мечит, медресе, ишканалар болгон.
Sputnik
1 / 16

Азыркы Ош шаарынын эски көрүнүшү, 1930-жыл

2 / 16

Базарда кездеме, килем, шырдак саткан соодагерлер. Ош шаары, XIX кылымдын аягы.

3 / 16

Ак-Буура дарыясынын боюнда жайгашкан эски мечит

4 / 16

Кашкардан Сулайман тоого келген зыяратчылар, XX кылымдын башы

5 / 16

Ош шаарында кызуу иштеген ат базар, 1938-жыл

6 / 16

Шаардагы базарлардын жанындагы медреселердин бири. 1938-жыл

7 / 16

Фергана өрөөнүндө саякаттагандар сөзсүз ордолуу Ош шаарына кире кетишчү

8 / 16

Эмгектин алдыңкыларынын жарышына катышкан жергиликтүүлөр. Ош шаары, 1938-жыл.

9 / 16

Оштогу жибек ийриген фабриканын алдыңкы жумушчусу

10 / 16

Шаардын символу болгон Сулайман-Тоо жана кербен сарай. XIX кылымдын аягы.

11 / 16

Ичинен эл үзүлбөгөн колхоз базар. Өткөн кылымдын 30-жылдары.

12 / 16

Кыргызстандын экинчи борбору саналган шаардын чет жакасы. 1926-жыл

13 / 16

Ош шаарындагы Комсомол көчөсү

14 / 16

Азыр да эл көп каттаган Сулайман-Тоодогу мазар. Аталган тоо 2009-жылы ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген.

15 / 16

Сулайман-Тоонун этегиндеги мечит

16 / 16

Шаардын жогору жактан тартылган сүрөтү. XX кылымдын башы.

Тема боюнча:
Лаос, Мадагаскар... Кыргыз ССРинен билим алып кеткен чет элдиктер. Сүрөт баян
Борбор калаадагы цирк кантип курулган? Архивдик сүрөттөр