БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы аптада Чүй облусунда аба ырайы кандай болору тууралуу божомолун айтты.
Маалыматтка ылайык, жуманын ичинде күн ачык туруп, жаан жаабайт. 11-12-декабрь күндөрү айрым жерлерде туман түшүшү күтүлөт.
Апта аягында абанын күндүзгү температурасы +6 градуска чейин көтөрүлөт.
Бишкек шаарында дагы аба ырайы ушундай эле болмокчу.
Жолдорго муз тоңуп тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.