Радио

Бикулов: Кыргызстан — Өзбекстан бизнес-форуму үч багытка басым жасайт

Инвестиция боюнча улуттук агенттиктин уюштуруу жана протокол бөлүмүнүн башчысы Дамирбек Бикулов Өзбекстан тараптан жалпы 200 кишинин келиши күтүлүп жатканын айтты.
Sputnik
Бишкекте Кыргызстан — Өзбекстан бизнес-форуму өтөт. Бул тууралуу Дамирбек Бикулов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, бизнес-форумдун башкы максаты — эки өлкөнүн алакасын жакшыртуу.
"Кыргызстан — Өзбекстан бизнес-форуму негизи 9-декабрда өтмөк. Бирок Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын мөөнөтү жылдырылгандыгына байланыштуу бул иш-чара эки жумадан кийинки мезгилге пландалып жатат. Азырынча так датасы белгилүү боло элек. Бизнес-форумдун башкы максаты — эки өлкөнүн алакасын жакшыртуу жана ишкерлер үчүн аянтча түзүп берүү. Текстиль, туризм жана агросектор сыяктуу үч багытка басым жасалмакчы. Бардык каалоочулар үчүн эшик ачык. Ишкерлер келип, өздөрүнүн долбоорун сунуштап кетсе болот. Өзбекстан тараптан жалпы 200 кишинин келиши күтүлүүдө. Ошондой эле форумдун алкагында Айыл чарба министрлиги тараптан көргөзмө уюштурулат", — деди Бикулов.
Ал буга чейин эки өлкөнүн президенттерди Кыргызстан менен Өзбекстандын соода жүгүртүүсүн эки миллиард долларга чейин жеткирүүнү максат кылганын кошумчалады.