Жапаров менен Путин маалыматтык коопсуздук боюнча биргелешкен билдирүү жасады

Президенттер маалыматтык-технологияларды эл аралык тынчтык, коопсуздук жана туруктуулукту камсыздоо максатында колдонууга чакырды.
Sputnik
БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров жана Россиянын лидери Владимир Путин эл аралык маалыматтык коопсуздукту камсыздоо тармагындагы кызматташтык жөнүндө биргелешкен билдирүү жасады.
Мамлекет башчылар эл аралык коомчулуктун жашоосунун бардык тармактарында, өзгөчө коронавирус пандемиясы маалында маалыматтык-технологиялардын ролу жогорулаганын белгилешти. Көбүнчө мындай технологиялар эл аралык тынчтык, коопсуздук жана туруктуулукту камсыздоо максатында колдонулат.
Президенттер бардык эл аралык коомчулукту маалымат жаатындагы келишпестиктерди тынчтыкта жөнгө салууга чакырып, мындай көйгөйлөр боюнча бардык мамлекеттер менен диалогго барууга даярдыгын билдиришти.
Алар БУУнун колдоосу астында эл аралык кызматташтыкка багытталган универсалдуу нормаларды, эрежелерди жана принциптерди иштеп чыгуу эгемендүүлүктү жана мамлекеттердин бирдей коопсуздугун камсыздоо, жаңжалдарды алдын алуу үчүн мамлекеттердин маалыматтык мейкиндиктеги жоопкерчилигин караган артыкчылыктуу багыт деп эсептейт. Ошондой эле маалыматтык-коммуникациялык технологияларды тек гана тынчтык максатында колдонуу зарылчылыгына токтолушту.
Ошону менен катар БУУнун колдоосу менен комплекстүү эл аралык конвенцияны тез арада иштеп чыгууну жакташты. Маалыматтык-телекоммуникациялык интернет байланыштарын башкарууну интернационализациялоо маселелери боюнча эки мамлекеттин тең ишмердүүлүгүн координациялоо керектигин айтышты.
Садыр Жапаров Бишкектеги ЕАЭБ саммитинде кабыл алынган чечимдерге токтолду