Садыр Жапаров Бишкектеги ЕАЭБ саммитинде кабыл алынган чечимдерге токтолду

Саммитте ЕАЭБдин эл аралык ишмердүүлүгүнүн 2023-жылга карата негизги багыттары аныкталып, Араб Эмираттары менен соода келишимдерин түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү чечими кабыл алынгандыгы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Жогорку евразиялык экономикалык кеңештин жыйынтыгы боюнча прессага билдирүү жасады.
Эске салсак, быйыл Кыргызстан ЕАЭБ органдарына төрагалык кылып, ал эми бүгүн, 9-декабрда, "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында интеграциялык бирикмеге кирген өлкөлөрдүн лидерлеринин саммити өттү. 2023-жылы төрагалык Россияга өтөт.
"Эмнеси болсо да биз үч жылдан бери эми көзмө-көз чогулуп, биримдиктин актуалдуу маселелерин талкуулоого жетиштик. Отурумдун жыйынтыгында биз бир катар маанилүү чечимдерди кабыл алдык. Кыскача айтканда, өнөр жай кооперациясын каржылоонун пайдубалын түптөдүк, биримдиктин тийиштүү актыларды иштеп чыгууну тапшырдык", — деди Жапаров.
Ошондой эле ЕАЭБдин эл аралык ишмердүүлүгүнүн 2023-жылга карата негизги багыттары аныкталып, Араб Эмираттары менен соода келишимдерин түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү чечими кабыл алынганын билдирди.
"Электрондук кызматтарды көрсөтүү жаатында бизнес жүргүзүүнү жана салыкты башкарууну жеңилдетүү иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле электрондук кызматтарды көрсөтүүдө кыйыр салыктарды чогултуу боюнча ЕАЭБ жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүүгө кол койдук", — деди президент.
Андан тышкары ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ортосундагы соода-сатыктагы тоскоолдуктарды жоюу боюнча күчөтүлгөн иш алып баруу сүйлөшүлдү.
"Биздин биримдиктин ишмердүүлүгүн жөнгө салган бир катар документтер бекитилди. Кабыл алынган чечимдер евразиялык интеграцияны бекемдөөгө чоң салым кошот деп ишенем", — деп кошумчалады Жапаров.
Жапаров: ЕАЭБ гуманитардык байланышты бекемдөөгө да салым кошо алат