Радио

Айтмурзаева: туура эмес тамактануудан улам жугуштуу эмес оорулар көбөйүүдө

Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун адиси, медицина илимдеринин кандидаты, консультант Гүлмира Айтмурзаева туура эмес тамактануудан улам жугуштуу эмес оорулар көбөйүп жатканын айтты.
Sputnik
Кыргызстанда аялдардын, балдардын тамактануусу боюнча улуттук изилдөө жүргүзүлүп, анда кош бойлуу аялдардын 50 пайызы аз кандуулуктан жабыркай турганы аныкталган. Бул тууралуу Гүлмира Айтмурзаева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, туура эмес тамактануудан улам алты айдан беш жашка чейинки балдардын 47 пайызында темирдин жетишсиздиги байкалууда. Бул баланын денесинин жана интеллектуалдык өсүүсүнө терс таасир этет.

"Туура тамактануу — бул диета эмес. Углевод, белок, май, витаминдер, минералдык заттар камтылган тамак-аш толук кандуу тамактануу болуп саналат. Эл негизинен туура тамактануу жөнүндө маалыматка ээ. Бирок билсе да толугу менен рационун жөнгө сала албай жатышат. Адамдын саламаттыгы жеген тамак-ашына байланыштуу. Бул жашы-карысына да тиешелүү. Жакында эле Кыргызстанда аялдардын, балдардын тамактануусу боюнча улуттук изилдөө жүргүзүлүп, анда кош бойлуу аялдардын 50 пайызы аз кандуулуктан жабыркай турганы аныкталган. Бул өтө коркунучтуу көрсөткүч энелердин дагы, балдардын да өлүмүн шарттап жатат. Муну алдын алуу үчүн өзгөчө энелер жана болочок эне боло турчу кыздар тамактануусун жөндөп, балалуу болууну пландап, алдын ала медициналык кароодон өтүп, ошого жараша ден соолугун чыӊдап (фолий кычкылы, темир препараттарын ичип) алышы зарыл. Ошондо гана дени сак наристе төрөлөт. Туура эмес тамактануу жугуштуу эмес жүрөк-кан тамыр оорусу, рак, өпкөнүн өнөкөт оорусу жана диабет өӊдүү дарттарды пайда кылат. Бул илдеттерди тамеки чегүү, спирт ичимдиктерин ичүү жана аз кыймыл да чакырат. Дүйнө жүзүндө жана Кыргызстанда да каза болгондордун 70 пайызынын өлүмүнө дал ушул дарттар себеп болууда. Учурда туура тамактануу боюнча Саламаттык сактоо министрлиги Улуттук профилактикалык медицина борборун түзүп, алдын алуу иштери толугу менен жүргүзүлүүдө. Ошондой эле Республикалык ден соолукту чыңдоо борбору даярдаган туура тамактануу боюнча видеолор бар", — деди Айтмурзаева.

Ал туура тамактануу боюнча нутрициологдорго кайрылып кенен маалымат алып, болбосо интернет булактарынан туура тамактануунун пирамидасы деп издеп, андагы айтылган кеӊештерди колдонсо болорун кошумчалады.