Касым-Жомарт Токаев саммитке катышуу үчүн Бишкекке келди. Видео

Коңшу өлкөнүн башчысын өкмөт башчы Акылбек Жапаров тосуп алды.
Sputnik
БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Бишкекке келди.
Коңшу өлкөнүн башчысын "Манас" аэропортунан министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды.
Токаев бүгүн, 9-декабрда, "Ала-Арча" резиденциясында Кыргызстандын төрагалыгы астында өтө турган Жогорку евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына катышат.
Кечээ биринчилерден болуп Беларусь лидери Александр Лукашенко, бүгүн эртең менен Россия лидери Владимир Путин келген.
Саммитке Армения, Беларусь, Кыргызстан, Казакстан жана Россиянын президенттери катышат.
Бишкекте өтчү ЕАЭБ саммитинин программасы