Садыр Жапаров мыйзамсыз соода маселесин чечүүдө эмне жардам берерин айтты

Жапаров биримдиктин бажы аймагына ташылып келинген товарларга байкоо жүргүзүү механизмин киргизүү боюнча пилоттук долбоор ишке кирерин айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Навигациялык пломбалар сыяктуу куралдар мыйзамсыз соодага байланыштуу тынчсызданууну жоюуга жардам берет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Жогорку евразиялык экономикалык кеңештин Бишкекте өтүп жаткан жыйынында билдирди.
Ал биримдиктин бажы аймагына ташылып келинген товарларга байкоо жүргүзүү механизми боюнча пилоттук долбоорду ишке киргизүү чечими кабыл алынганын эске салды. Азыркы учурда долбоордун тестирлөө иштери аяктап жатат жана үчүнчү өлкөлөрдөн импорттолгон товарларга карата гана эмес, өз ара соода аркылуу ташылган товарларга карата да навигациялык пломбаларды колдонуу боюнча пилоттук программаны ишке киргизүү пландаштырылууда.
"Мындай куралдарды жана механизмдерди колдонуу биримдик өлкөлөрүнүн мамлекеттик органдарынын өз ара жана тышкы соодадагы мыйзамсыз соода маселелери боюнча кооптонуусун жок кылат деп ишенем", — деди Жапаров.
Жапаров ЕАЭБ кайсы регионго көбүрөөк көңүл бурушу керектигин айтты