БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Жогорку евразиялык экономикалык кеңештин тар чөйрөдөгү отурумун ачты.
Алгач Касым-Жомарт Токаевди Казакстандын президенти кызматына кириши менен дагы бир жолу куттуктап, Казакстандын башчысын шайлоо элдин толук ишенимин жана колдоосун көрсөткөнүн белгиледи.
Жапаров бул ири иш-чара дүйнөнү чайпалткан глобалдуу финансылык экономикалык кырдаалда жана пандемиядан кийинки кризистен кийин өтүп жатканын белгиледи. Анын айтымында, ЕАЭБдин экономикасына да чоң күч келип жатканы байкалып турат.
"Мындай татаал шарттарда биздин өлкөлөрдүн ортосундагы өз ара пайдалуу соода-экономикалык жана инвестициялык өнөктөштүк үчүн мамлекет башчылар колдон келгендин баарын жасашы өтө маанилүү. Ал евразиялык жана башка аймактын, глобалдуу рыноктордун ортосунда көпүрөлөрдү түзүү үчүн туруктуу негиз болуп саналат", — деген Жапаров.
Саммиттин күн тартибине ЕАЭБ үчүн маанилүү суроолор кирген. Кыргызстан башчысы аларды кең-кесири талкуулоого ишеним артты.