Путин: ЕАЭБ өлкөлөрүндө жумушсуздуктун деңгээли 18%га төмөндөдү

Владимир Путин дүйнөлүк рыноктун олку-солкулугуна карабай ЕАЭБ натыйжалуу чараларды көргөнүн айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин Бишкекте өтүп жаткан ЕАЭБ саммитине катышып, сөз сүйлөдү.
Россия лидери токтолгон маселелер:
Дүйнөлүк рыноктун олку-солкулугуна карабай ЕАЭБ натыйжалуу чараларды көрдү. Алар биримдиктеги өлкөлөрдүн экономикасын стимулдаштырууга мүмкүндүк берди;
ЕАЭБ өлкөлөрүндө жумушсуздуктун деңгээли 18 пайызга төмөндөп, 1,1%ды түздү. Бул экономиканын негизги көрсөткүчү болуп саналат;
Айыл чарба продукциясын өндүрүү 5,4 пайызга өстү. Бул дүйнөдөгү азык-түлүк кризисинин фонунда сезилерлик жана маанилүү нерсе;
Дүйнөдө инфляция өсүп жатат, еврозонага кирген өлкөлөрдө акыркы 30-40 жылдагы рекорд жаңыланууда. Ал эми ЕАЭБ өлкөлөрү бул параметрди көзөмөлдөп турат;
Россиядагы экономикалык рецессияны 20 пайызга жетет деп божомолдошкон. Бирок биз бул жылы 2,9 пайыз гана төмөндөдүк. Келерки жылы 0,9 пайыздын чегинде күтүлүүдө. Кыскасы, жакшы жагына бара жатат.
Учурда саммит соңуна чыгып, Кыргызстан төрагалыгын Россияга өткөрүп берди.
Лукашенко: Батыш санкциянын баарын колдонуп бүттү, эми дагы бир кризиске тушугат