Пробация департаментинин кардарларынын саны быйыл 24 миңден ашты. Ал эми былтыр жеңилдиктерди 20 миң адам алган. Бул тууралуу Данияр Молдокул уулу Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Пробация департаменти документ жүгүртүүнү толук кандуу электрондук форматка өткөрүп, учурда мекеменин ишин санариптештирүүгө басым жасалууда.
"Пробация департаменти 2019-жылдан тарта мамлекеттик аткаруучу орган катары ишмердүүлүгүн жүргүзүп, кыска убакытта институт катары калыптанып калды. Ага байланыштуу жыл сайын кардарлардын саны өсүүдө. Мамлекет, коом, сот системасы, прокуратура, тергөөдө пробация институтунун орду бекемделип жатат. Пробация департаментинин кардарларынын саны быйыл 24 миңден ашты. Ал эми былтыр мындай жеңилдиктерди 20 миң адам алган. Мекеме документ жүгүртүүнү толук кандуу электрондук форматка өткөрүп, учурда санариптештирүүгө басым жасап жатат", — деди Молдокул уулу.
Ошондой эле адис өспүрүмдөр дагы пробациянын кардары боло аларын, алар менен атайын психологдор иштээрин кошумчалады.