Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Путин: Меркелдин Минск макулдашуусу тууралуу сөзү шаабай суутту

Меркель “2014-жылы Минск макулдашуусун түзүүнүн максаты Украинага убакыт берүү" болгонун айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Германиянын экс-канцлери Ангела Меркелдин Минск макулдашуусу тууралуу билдирүүсү шаабай суутту. Бул тууралуу Россия президенти Владимир Путин Бишкекте өткөн ЕАЭБ саммитинен кийин уюштурулган маалымат жыйында айтты.
Буга чейин Меркель Zeit гезитине маек куруп жатып “2014-жылы Минск макулдашуусу Украинага убакыт берүүгө жасалган аракет” болгонун билдирген. Экс-канцлер НАТО мамлекеттери сегиз жыл мурун Киевге азыркыдай жардам көрсөтө аларынан күмөн санай турганын айткан.
“Чынын айтсам, мен үчүн таптакыр күтүүсүз болду. Шаабай суутчу билдирүү. Мурунку канцлерден ушундай сөз чыгат деп ойлобоптурмун. Федеративдик республиканын жетекчилиги бизге ак пейилден мамиле кылат деген ишенимде элем”, — деди Путин.
РФ лидери Германия жетекчилиги дайым жетишилген макулдашуулардын алкагында кырдаалды жөнгө салууга аракет кылгандай көрүнүп келгенин, ал келишимдердин арасында Минск макулдашуусу да бар экенин белгиледи.
“Айтылган сөз атайын операцияны баштап туура кылганыбыздын далили. Эмне үчүн? Көрсө, Минск макулдашуусун эч ким аткармак эмес экен”, — деди Путин.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Путин Киевдин Донбассты аткылашы боюнча эл аралык уюмдардын унчукпаганына нааразы