БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Подмосковьеде "Мега Химки" соода борборунан бүгүн эртең менен саат 6:00дөр чамасында ири өрт чыкты. Бул тууралуу РИА Новости билдирди.
Россия ӨКМинин аймактык бөлүмү жалын 7000 чарчы метр аянтты жалмап, тогуз өрт өчүрүүчү техника иштеп жатканын билдирген. Өрт соода борбордун экинчи корпусунда жайгашкан OBI курулуш материалдарын саткан дүкөндөн чыккан.
Тилсиз жоонун деңгээли жогору деп бааланып, өчүрүүгө авиация дагы тартылган. Алдын ала алынган маалымат боюнча, жабыркагандар жок. Социалдык тармактарда жарылуу болгон учурдун видеосу жарыяланууда.