"МЕГА Химкидеги" өрт: бир киши каза таап, 20-30 млрд. рублдик зыян алып келди

Өрт бүгүн таңкы саат 6:00дө башталып, аны өчүрүүгө авиация дагы тартылган.
Sputnik
БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Подмосковьедеги "МЕГА Химки" соода борборундагы өрттөн алдын ала берилген маалымат боюнча, бир киши каза болду. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Маалыматта өрттүн кесепетинен OBI дүкөнү жана токтоп турган автоунааларды кошкондо 20-30 миллиард рублдик зыян тартканы айтылат. Мындай пикирин Жалпы Россия камсыздандыруучулар союзу билдирген.
Белгилей кетсек, бүгүн таңкы саат 6:00дө "МЕГА Химки" соода борбордун экинчи корпусунда жайгашкан OBI курулуш материалдарын саткан дүкөндөн өрт чыгып, андан соң жарылуу болгон. Жалын 7000 чарчы метр аянтты жалмап, тогуз өрт өчүрүүчү техника, авиация тартылган. Прокуратура кырсыктын келип чыгуу себебин иликтөөдө атайын өрт коюуну негизги версия катары карап жатат.
Иркутск шаарында эки кабаттуу үйдүн үстүнө учак кулады. Видео