Кыргызстан Азербайжанга 100 топоз жөнөтүп, алгачкы экспортун баштайт

Алгачкы партия менен жөнөтүлгөн топоздор 115 миң долларга бааланган.
Sputnik
БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Кыргызстан Азербайжанга топоз экспорттой баштады. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Кыргызстандын "Сактан" кооперативи жана "Агросервис" компаниясы менен Азербайжан тараптын ортосунда макулдашууга кол коюлган. Ага ылайык, 100 топоз 115 миң долларга бааланган.
Учурда Ветеринардык кызмат тарабынан малды экспорттоого керектелген документтердин баары даярдалганы белгиленди.
Айыл чарба министрлиги аталган иштер Азербайжан менен Кыргызстандын президенттеринин сүйлөшүүлөрүнүн натыйжасында жүзөгө ашып жатканы кошумчаланды.
Өлкөдө жалпысынан 53,9 миң топоз бар, ал эми беш топоз чарбасы иштейт.
Кыргызстандан Кытайга кайрадан бал экспорттоого жол ачылды