Токаев: Казакстан ЕАЭБдин ишин эч качан артка тартпайт, болушу да мүмкүн эмес

Токаев Казакстан биримдикти өнүктүрүүгө чын дили менен кызыкдар экенин белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Казакстан тарап евразиялык интеграциянын өнүктүрүү процесстерине эч качан тоскоолдук жаратпайт жана ал тууралуу сөз да болбошу керек. Бул тууралуу Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Бишкектеги ЕАЭБ лидерлеринин саммитинде билдирди.
Анын айтымында, ЕАЭБ өлкөлөрү сегиз жылдан бери улуттук кызыкчылыктарды сыйлоо жана колдоонун арты менен биргеликте ар кандай чакырыктарды баштан өткөрүүдө.

"ЕАЭБ жөнүндө келишимдин институционалдык негиздерине таянуу маанилүү. Казакстан чын дили менен интеграциянын өнүгүшүнө кызыкдар. Казакстан тараптан процесстерге тоскоолдук жаратуу эч качан болбойт жана андай кеп болушу мүмкүн эмес. Казакстан, тескерисинче, экономикалык интеграциянын келишимине ылайык бардык өлкөлөрдүн кызыкчылыгындагы процесстерди жакшыртуу үчүн бардык күчүн жумшап жатат", — деди Токаев.

Лукашенко: Батыш санкциянын баарын колдонуп бүттү, эми дагы бир кризиске тушугат