Радио

Макешев: ири долбоорлорду ишке ашырууга бизнестин дарамети жетпей калууда

Экономика жана коммерция министринин орун басары Чыңгыз Макешев ишкерликтин жана өндүрүштүн потенциалын кеңейтүү үчүн жасалып жаткан аракеттер тууралуу айтып берди.
Sputnik
Өкмөттүн бизнес менен биргеликте ири долбоорлорду ишке ашырууга шарт түзүлдү. Бул тууралуу Чыңгыз Макешев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, ал үчүн "Кыргызиндустрия" ишканасы ачылган.
"Өлкөдө көбүнчө орто жана чакан ишкерлик өнүккөн. Мындан улам ири долбоорлор келгенде алардын каражаты жана мүмкүнчүлүгү жетпей калууда. Буга чейин "өкмөт шарт түзүп берсе эле бизнес өз алдынча өнүгө берет" деген парадигмада жүрдүк. Бул маселени чечүү үчүн өкмөт "Кыргызиндустрия" ишканасын түздү. Ал аркылуу ири долбоорлорго өкмөт бизнес менен шерик болуп ишке ашырууга мүмкүндүк жаралды", — деди Макешев.
Ошондой эле ал өкмөт өлкөнүн экспорттук потенциалын жогорулатуу үчүн кооперативдерди түзүүгө колдоо көрсөтүп жатканын кошумчалады.