Мясникович ишкерлер үчүн ЕАЭБде кандай мүмкүнчүлүктөр жаралганын айтты

Мясниковичтин айтымында, кабыл алынган чечим экономиканын реалдуу сектору үчүн олуттуу колдоо болуп саналат.
Sputnik
БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Евразиялык интеграциянын жаңы барагы ачылууда. Бул интеграциялык долбоорлорду колдоо чараларына байланыштуу экенин Евразиялык экономикалык комиссиянын коллегия төрагасы Михаил Мясникович Бишкекте өткөн Жогорку евразиялык экономикалык биримдиктин жыйынында билдирди.
"25 тармактан жалпы 270 миллион долларга бааланган 158 долбоорду тандап алдык. Азыр бизнеске, уюмдарга менчик түрүнө карабай интеграциялык долбоорлордун тизмесине кирип, тийиштүү жардам алууга мүмкүнчүлүк түзүлүүдө. Мында акча каражатынын негизги ставкасына теңдеш болгон пайыздык ставка менен насыя берүү каралган", — деди Мясникович.
Анын айтымында, бул экономиканын реалдуу секторуна олуттуу колдоо болот, мындай жол менен ЕАЭБде бүгүнкү күндө муктаждык зор болгон жаңы өндүрүштүн саны өсөт.
"Бирок көрсөткүчтөр өсүп жатканы менен өтүмдүү товарлар тартыш. Интеграциялык долбоорлор боюнча кабыл алынган чечим жаңы инвестициялык саясатка, бирикменин инвестициялык жактан өнүгүүсүнө старт берет", — деди төрага.
Мындан тышкары, ал өз сөзүндө ЕАЭБ экономикасынын көрсөткүчтөрү сезилерлик жакшырганын белгилеген.
Лукашенко: доллардын доору соңуна чыгып баратат