Бишкектеги инвестициялык саммит

Чет элдик инвестициялар Кыргызстандын кайсы тармагына салынат? Министрдин жообу

Экономика министри быйыл өлкөгө келген инвестициянын көлөмү январдан июлга чейин 1 миллиард доллардан ашканын билдирген. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 195,5 пайызга көп.
Sputnik
БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. 2022-жылы чет элдик инвестициялар Кыргызстандын экономикасынын кайсы тармактарына түз алынгандыгын экономика министри Данияр Амангелдиев Бишкектеги инвестициялык саммитте билдирди.
Анын айтымында, өлкөгө келген инвестициянын көлөмү январдан июлга чейин 1 миллиард доллардан ашкан. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 195,5 пайызга көп.
"Экономикалык ишмердүүлүктүн түрлөрү боюнча түз инвестициялар өндүрүшкө, тоо-кен өндүрүшүнө, каржылык ортомчулукка жана камсыздандырууга салынган. Негизги капиталга инвестициянын өсүшү өндүрүш объектилерин курууда, электр энергиясы, газ, буу менен камсыздоо, транспорттук ишмердүүлүк жана сактоо тармагында белгиленди. Үстүбүздөгү жылдын январь-октябрь айларында инвестициянын негизги көлөмү, башкача айтканда, 80 пайыздан ашыгы тоо-кен объектилерин, кайра иштетүү өнөр жайларын курууга, ошондой эле турак жай курулушуна багытталган", — деди Амангелдиев.
Ал Бишкекте өткөн инвестициялык саммит сыяктуу иш-чаралар аркылуу инвестиция жасоо интеграциялык өнүгүүнүн механизмине айланарын белгилеген. Анын айтымында, форумга алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдөн миңден ашык катышуучу келген.
Масштабдуу иш-чаранын биринчи күнүнүн эң негизги учурларын биздин видеодон көрүңүз.
Бишкекте өтчү ЕАЭБ саммитинин программасы