Жапаров ЕАЭБ кайсы регионго көбүрөөк көңүл бурушу керектигин айтты

Быйыл ЕАЭБ өз ишмердүүлүгүн тийиштүү деңгээлде улантып, интеграциялык бирикме эзелки өнөктөштөр менен соода алакасын кеңейтип жатканы белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. ЕАЭБ дүйнөлүк экономикалык архитектурада динамикалуу өнүгүп жаткан уюм. Бул тууралуу Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Жогорку евразиялык экономикалык кеңештин кеңейтилген курамдагы жыйынында билдирди.
Өлкө башчы быйыл ЕАЭБ өз ишмердүүлүгүн тийиштүү деңгээлде улантып, интеграциялык бирикме эзелки өнөктөштөр менен соода алакасын кеңейтип жатканын белгиледи. Иран менен эркин соода аймагын түзүү боюнча протокол күчүнө кирди, ошондой эле БАЭ менен эркин соода аймагын түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоо демилгеси колдоого алынган.
"Уюм кызматташа турган өлкөлөрдүн географиясы кеңейип жатканы кубандырат. Муну ЕАЭБдин дүйнөлүк экономикалык архитектурада динамикалуу өнүгүп жаткан уюм катары таанылышы деп билем. Глобалдуу финансылык-экономикалык өнүгүү Азияга оогон шартта дал ушул регионго көңүл буруу максатка ылайык деп эсептейм", — деди Жапаров.
Садыр Жапаров ЕАЭБ саммитин ачып жатып эмнелерге токтолду?