БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. ЕАЭБ уюмга мүчө мамлекеттердин гуманитардык байланышын бекемдөөгө да чоң салым кошо алат. Бул тууралуу Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Жогорку евразиялык экономикалык кеңештин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, быйылкы жыл эл аралык иш-чараларга бай болду. Май айында биринчи Евразиялык экономикалык форум өтүп, ага эки миңден ашуун киши катышкан. Августта Ысык-Көлдүн жээгинде өткөн КМШ менен ЕАЭБдин "Келечек — Будущее" аталышындагы биринчи жаштар форумуна 15тей мамлекеттен 200дөн ашуун жаш ишкерлер, мамлекеттик кызматкерлер, дипломаттар жана студенттер келди.
"Жаштар форумунун өтүшү евразиялык интеграциянын идеологиясын жайылтып, союздун максатын жаш муундун аң-сезимине жеткирүүдө жакшы аянтча болуп берди. Келечекте бул иш-чара евразиялык мейкиндикте интеграциялык процесстерди илгерилетүүнүн локомотиви болуп калмакчы. ЕАЭБ өлкөлөрүбүздүн гуманитардык байланышын да бекемдөөгө салым кошо аларына ишенем. Менимче, бул маанилүү тармактагы мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланууга убакыт келип жетти", — деди Жапаров.