Доллар, тоскоолдук, тамашалашуу. ЕАЭБ президенттери Бишкекте эмне маселе чечишти?

Бишкекте Жогорку евразиялык экономикалык кеңештин жыйыны аяктады. ЕАЭБ өлкөлөрүнүн башчылары пандемиядан бери биринчи ирет көзмө-көз жолугушту.
Sputnik
“Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өткөн жыйында беш өлкөнүн башчылары эмнени талкуулап, кандай сунуштар айтылганын Sputnik Кыргызстан бир материалга чогултту.
Саммитке Никол Пашинян (Армения), Александр Лукашенко (Беларусь), Садыр Жапаров (Кыргызстан), Касым-Жомарт Токаев (Казакстан) жана Владимир Путин (Россия) катышты. Ал эми Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов байкоочу катары келди.

Беларусь президентинин тамашасы

Саат 12:00дө президент Садыр Жапаров конокторун “Конгресс холлдон” тосуп алды. Андан соң президенттер чогуу сүрөткө түшүп, жабык эшик артында өтүүчү тар курамдагы отурумга кирип кетишти.
Лукашенко келгенде Жапаров менен бир аз тамашалашты. "Кечигип калдымбы?" деп сураса, кыргыз президенти убагында келгенин айтты. Анан Лукашенко "Мерседес" жакшы от албайт экен, жөө келдим" деп күлдү.
Кийинчерээк мамлекет башчынын маалымат катчысы Эрбол Султанбаев ал жөн гана тамаша экенин ырастады. Чынында Лукашенко залга жакын жердеги үйгө жайгашкандыктан атайын даярдалган унаадан баш тартып, жөө басып келүүнү эп көргөнүн белгиледи.
Мындан сырткары, Садыр Жапаровдун таманы кызыл бут кийими жергиликтүү эле эмес эл аралык ЖМКларда дагы талкууга алынды.

Барьерлер тууралуу

Кеңейтилген чөйрөдөгү жыйынды ачып жатып президент Садыр Жапаров навигациялык пломба сыяктуу механизмдер мыйзамсыз соодага байланыштуу тынчсызданууну жоюуга жардам берерин билдирди.
"Мындай механизмдерди колдонуу биримдик өлкөлөрүнүн мамлекеттик органдарынын өз ара жана тышкы соодадагы мыйзамсыз соода маселелери боюнча кооптонуусун жок кылат деп ишенем", — деди Жапаров.
Анын пикирин Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев дагы кубаттап, өнөктөштүктүн эффективдүүлүгү эркиндиктин төрт принцибин сактоодон түздөн-түз көз каранды экенин айтты. Анын бири — товарларды эркин ташуу.

“Товар ташууда казакстандык жүктөрдү, транзитке жалпы бажы аймагынан чектөөлөрдү, квоталаштырууну жана көпкө кармоолорду толугу менен жоюш керек деп эсептейм. Мындай чектөөлөр экономикалык кызматташтыктын максаттарына дал келбейт. Эң башкысы, алар интеграциянын экономикалык потенциалын чектеп жатат”, — деди Токаев.

Улуттук валютага өтүү, долларга муктаждыктан арылуу

Жапаров каржылык туруктуулукту сактоо үчүн өз ара соода жүргүзүүдө улуттук валюта менен эсептешүү боюнча биргелешип көрүлгөн чаралар маанилүү кадам болгонун белгиледи.
“Быйыл үч кварталда Кыргызстандын ЕАЭБ өлкөлөрү менен соода жүргүзүүсү 30 пайызга өскөн, ал эми экспорту 40 пайыздан жогору болгон. Бул багыттагы ырааттуу аракеттер эсептешүүлөрдүн 75 пайыздан ашыгын улуттук валюталарга которууга өбөлгө болду. Келечекте бул биздин валюталык портфелибизди диверсификациялоого эле шарт түзбөстөн, импорттук инфляциянын басымын азайтат деп эсептейбиз”, — деди Жапаров.
Беларусь президенти доллардын үстөмдүк кылган доору аяктап бара жатканын айтты.
"Доллардын күнү бүтүп бара жатканын элдин баары түшүнүп калды, эми улуттук валюта менен эсептешкен соода блокторунун күнү тууйт. Беларусь менен Россия ири эсептешүүдө доллардан баш тартты. Бул процесске башка өнөктөштөрүбүздүн да кошулушу өтө маанилүү", — деди Лукашенко.
Россия лидери Владимир Путин дагы өз ара эсептешүүлөрдү улуттук валютага өткөрүү боюнча иштер ылдамдап жатканын байкаган.
“Жалпы төлөм инфраструктурасы жана финансылык маалыматтарды өткөрүү боюнча улуттук системалардын интеграциясын түзүү процесстери башталды”, — деди Путин.

Санкциялардын кээрин ким тартты?

Лукашенко жамааттык Батыштын ойлонулбай жасаган санкцияларынын таасири солгундаганын белгиледи.

"Тыюу салууга жана чектөөгө болгон мүмкүнчүлүктөрүнүн баарын колдонуп, жадагалса өздөрүнө да зыян келтирип бүтүштү. Эми аңдап түшүнүүсүнө жана кесепетин баалоого убакыт келди. Энергетикалык жана азык-түлүк кризиси боюнча сөздөр бардык трибуналардан айтылып калды. Жакында белгилүү өлкөлөрдө ушул эки кризиске дагы бирөө — саясий кризис кошуларын божомолдоого көп акылдын кереги жок. Анын белгилери ачык эле көрүнө баштады. Биз эң башкысы элибиздин жашоо деңгээлин начарлатууга жол берген жокпуз", — деди Беларусь президенти.

Буга Россиянын башчысы дагы өз пикирин кошумчалап, төмөнкү статистиканы мисал келтирди:
Дүйнөлүк рыноктун олку-солкулугуна карабай ЕАЭБ натыйжалуу чараларды көрдү. Алар биримдиктеги өлкөлөрдүн экономикасын стимулдаштырууга мүмкүндүк берди;
ЕАЭБ өлкөлөрүндө жумушсуздуктун деңгээли 18 пайызга төмөндөп, 1,1%ды түздү. Бул экономиканын негизги көрсөткүчү болуп саналат;
Айыл чарба продукциясын өндүрүү 5,4 пайызга өстү. Бул дүйнөдөгү азык-түлүк кризисинин фонунда сезилерлик жана маанилүү нерсе;
Дүйнөдө инфляция өсүп жатат, еврозонага кирген өлкөлөрдө акыркы 30-40 жылдагы рекорд жаңыланууда. Ал эми ЕАЭБ өлкөлөрү бул параметрди көзөмөлдөп турат;
Россиядагы экономикалык рецессияны 20 пайызга жетет деп божомолдошкон. Бирок биз бул жылы 2,9 пайыз гана төмөндөдүк. Келерки жылы 0,9 пайыздын чегинде күтүлүүдө. Кыскасы, жакшы жагына бара жатат.
ЕАЭБ өлкөлөрү жашоого керектелген бардык товарлар менен үзгүлтүксүз камсыздалууда. Газдын тарифи Батышка караганда 10 эсе арзан.

Эмне жыйынтык чыгарышты?

Бул күнү мамлекет башчылары 15 документке кол коюшту. Жапаров анда өнөр жай кооперациясын каржылоонун пайдубалы түптөлгөнүн, биримдиктин тийиштүү актыларын иштеп чыгууну тапшырышканын билдирди.
Ошондой эле Араб Эмирлиги менен соода келишимдерин түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү чечими кабыл алынган.
"Электрондук кызматтарды көрсөтүү жаатында бизнес жүргүзүүнү жана салыкты башкарууну жеңилдетүү иштери жүргүзүлдү. Электрондук кызматтарды көрсөтүүдө кыйыр салыктарды чогултуу боюнча ЕАЭБ жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүүгө кол койдук", — деди президент.
Андан тышкары, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ортосундагы соода-сатыктагы тоскоолдуктарды жоюу боюнча ишти күчөтүү сүйлөшүлдү.
"Биздин биримдиктин ишмердүүлүгүн жөнгө салган бир катар документтер бекитилди. Кабыл алынган чечимдер евразиялык интеграцияны бекемдөөгө чоң салым кошот деп ишенем", — деп кошумчалады Жапаров.
Жогорку евразиялык экономикалык кеңештин жыйынындагы эң кызыктуу учурлардын топтомун бул видеодон көрүңүз.

Төрагалык Россияга өттү

Кыргызстан ушуну менен ЕАЭБге төрагалыгын жыйынтыктап, кезекти Россияга өткөрүп берди. Демек, кийинки саммит 2023-жылы Москвада өтөт.
15 документке кол коюлду. Бишкекте өткөн ЕАЭБ саммитинен ирмемдер