Лукашенко: доллардын доору соңуна чыгып баратат

Беларусь лидеринин айтымында, эми улуттук валюта менен эсептешкен соода блокторунун күнү тууйт.
Sputnik
БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Доллардын үстөмдүк кылган доору аяктап бара жатат. Бул тууралуу Беларусь президенти Александр Лукашенко Жогорку евразиялык экономикалык кеңештин жыйынында сүйлөп жатып айтты.
Ал ЕАЭБдин алдыда жасай турган иштерин тизмектеп келип, улуттук валюта менен соода кылууга өтүү алардын бири экенин белгиледи.
"Доллардын күнү бүтүп бара жатканын элдин баары түшүнүп калды, эми улуттук валюта менен эсептешкен соода блокторунун күнү тууйт. Беларусь менен Россия ири эсептешүүдө доллардан баш тартты. Бул процесске башка өнөктөштөрүбүздүн да кошулушу өтө маанилүү", — деди Лукашенко.
Президент мындан тышкары стратегиялык маселе деп заман талабына ылайык өндүрүш түзүү боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, ЕАЭБ рыногундагы тоскоолдуктарды жоюу, эл аралык кадыр-баркты жогорулатуу жана бирикменин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн арттыруу багыттарын атады.
Жапаров: ЕАЭБ гуманитардык байланышты бекемдөөгө да салым кошо алат