Маданият жана искусство университетинин ректору Мамашарип Чотонов дүйнө салды

Мамашарип Чотонов Маданият жана искусство университетин сегиз жылдан бери башкарып келаткан.
Sputnik
БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин ректору Мамашарип Чотонов кечээ, 8-декабрда, оорудан улам каза болду. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Мамашарип Чотонов 1968-жылы 9-апрелде Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Кызыл-Жар айылында туулган.
2014-жылдын 15-апрелинен тарта Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин ректору болуп эмгектенип жаткан.
Экономика илимдеринин доктору, профессор болгон.
90 жашка чыкмак. Советбек Жумадыловду эскерүү кечеси өтөт