Саммитке байланыштуу Бишкектеги мектептер онлайн окууга өткөрүлдү

Бүгүн үч мектепке бомба коюлганы кабарланып, тийиштүү органдар текшерип жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Бишкек шаарында өтүп жаткан Жогорку евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына байланыштуу Бишкектеги мектептерде окуу токтотулду. Бул тууралуу шаардык билим берүү башкармалыгы билдирди.
Мэрия бул күндөрү жолдор жабылып, коомдук транспорттордун каттоосуна чектөө киргизилерин белгиледи. Окуучулардын коопсуздугун камсыздоо максатында 9-10-декабрда онлайн окууга өткөрүү чечими кабыл алынган.
Белгилей кетсек, бүгүн Бишкектеги №4 мектепке бомба коюлганы айтылып, бирок жардыруучу зат табылган жок. Андан соң №65 жана 23 мектептерде дагы бомба коюлганы кабарланып, текшерилип жатат.
Бишкектеги №4 мектепке бомба коюлду деген маалымат тастыкталган жок