15 документке кол коюлду. Бишкекте өткөн ЕАЭБ саммитинен ирмемдер

Кыргызстандын борбор калаасы Бишкек шаарында Жогорку евразиялык экономикалык биримдиктин отурумунун жыйыны, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн лидерлеринин саммити өттү.
Sputnik
Ага Никол Пашинян (Армения), Александр Лукашенко (Беларусь), Садыр Жапаров (Кыргызстан), Касым-Жомарт Токаев (Казакстан) жана Владимир Путин (Россия) катышты.
"Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өткөн иш-чара боюнча президент Садыр Жапаров маалымат берди.
Ал үч жылдан бери эми көзмө-көз чогулуп, биримдиктин актуалдуу маселелерин талкуулоого жетишкендерин айтты. Кыргызстандын төрагалыгы алдында өткөн ЕАЭБ саммитинин жыйынтыгында 15 документке кол коюлган. Уюмга 2023-жылы Россия төрагалык кылат.
1 / 15

Президент Садыр Жапаров менен Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Бишкектеги ЕАЭБ саммитинде

2 / 15

Беларусь лидери Александр Лукашенко менен Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Жогорку евразиялык экономикалык кеңештин отурумунун жыйыны башталар алдында. Бишкек шаары

3 / 15

Коңшу Казакстандын кайрадан шайланган президенти Касым-Жомарт Токаев менен иш-чара ээси, президент Садыр Жапаров

4 / 15

Президенттер Садыр Жапаров, Владимир Путин Бишкектеги ЕАЭБ саммитинде. Баса, бирикмеге төрагалык укугу Россияга өткөндүктөн Путин жыйында ЕАЭБди өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын белгиледи

5 / 15

Бишкекте 2022-жылдын 9-декабрында өткөн ЕАЭБ саммитине Никол Пашинян (Армения), Александр Лукашенко (Беларусь), Садыр Жапаров (Кыргызстан), Касым-Жомарт Токаев (Казакстан) жана Владимир Путин (Россия) катышты. Андан сырткары, Евразия экономикалык комиссиянын төрагасы Михаил Мясникович да болду

6 / 15

Иш-чара ээси, президент Садыр Жапаров жыйындын тар чөйрөсүндөгү жолугушууда сүйлөп жатат

7 / 15

Өзбекстандын өкмөт башчысы Абдулла Арипов Жогорку евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына байкоочу катары катышты

8 / 15

РФ президенти Владимир Путин Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин саммитинде. Бишкек, 9-декабрь 2022-жыл

9 / 15

Садыр Жапаров соңку үч жыл ичинде биринчи ирет ЕАЭБдин актуалдуу маселелерин талкуулоо үчүн бетме-бет отуруп сүйлөшүү болгонун айтты

10 / 15

Беларусь президенти Александр Лукашенко Бишкектеги ЕАЭБ өлкөлөрүнүн лидерлеринин саммитинде сырткы басымдарга каршы туруп, экономиканын туруктуулугун сактоо үчүн ЕАЭБдин биргелешкен аракеттери санкциянын мизин кайтарууга шарт түзгөнүн белгиледи. Бирок муну менен токтоп калбай, биримдикти стратегиялык багытта өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурууга чакырды

11 / 15

Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев: ЕАЭБ өлкөлөрү сегиз жылдан бери улуттук кызыкчылыктарды сыйлоо жана колдоонун арты менен биргеликте ар кандай чакырыктарды баштан өткөрүүдө

12 / 15

Россия президенти Владимир Путин өкмөт мүчөлөрү менен Бишкекте өткөн ЕАЭБ лидерлеринин саммитинде. Бишкек, 9-декабрь 2022-жыл

13 / 15

Куба президенти Мигель Диас-Канель Бишкекте өткөн ЕАЭБ лидерлеринин саммитинде видеобайланышта. Бишкек, 9-декабрь 2022-жыл

14 / 15

Президенттер Жапаров менен Путин эл аралык маалыматтык коопсуздукту камсыздоо тармагындагы кызматташтык жөнүндө биргелешкен билдирүү жасады

15 / 15

ЕАЭБдин Бишкектеги саммитинде ЖМК өкүлдөрү

Тема боюнча:
Бишкекте өткөн ЕАЭБ саммитиндеги эң кызыктуу учурлардын топтому. Видео