Бишкектеги №4 мектепке бомба коюлду деген маалымат тастыкталган жок

Окуя болгон жерде милиция иштеп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Бишкектеги №4 мектептин имаратынан бомба табылган жок. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдирди.
Бүгүн эртең менен саат 7:49да мектептин электрондук почтасына белгисиз бирөөлөрдөн имаратка жардыруучу зат коюлгандыгы тууралуу маалымат түшкөнү кабарланган.
"Окуу жайдын жетекчилиги ыкчам түрдө укук коргоо органдарына кабарлап, башка тиешелүү органдарга да факты боюнча маалымат берилген. Ошол замат балдар жана мектеп кызматкерлери эвакуацияланган. Ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн мектептин имараты курчоого алынган. Текшерүү бүттү, жардыргыч зат табылган жок. Мектепте окуу процесси кайрадан жанданды", — деп айтылат маалыматта.
Мектеп Атай Огонбаев көчөсүндө жайгашкан. Учурда милиция иштеп жатат.
Бишкектеги №67 мектепте мина коюлду деген каттан улам эвакуация жүрдү