Бишкектин мектептерине бомба коюлду деген маалыматтын баары жалган болуп чыкты

ЕАЭБ саммитине байланыштуу Бишкектеги мектептер онлайн окууга өткөрүлдү.
Sputnik
БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Бүгүн Бишкектин мектептерине коюлган бомба тууралуу маалыматтар жалган болуп чыкты. Бул тууралуу ШИИБдин маалымат кызматы кабарлады.
Жардыруучу зат тууралуу маалымат Свердлов районунун бир катар мектептерине түшкөн. Окуучулар эвакуацияланып, имараттар текшерилген.
Буга чейин Бишкек милициясы ЕАЭБ саммитине байланыштуу мектептердеги сабактарды кыскартуу сунушун мэрияга жолдогон. Бүгүн муниципалитет мектептер 9-10-декабрда онлайн окууга өтөрүн кабарлады.
Саммитке байланыштуу Бишкектеги мектептер онлайн окууга өткөрүлдү