Лукашенко: Батыш санкциянын баарын колдонуп бүттү, эми дагы бир кризиске тушугат

Президент ЕАЭБдин биргелешкен аракеттери санкциянын мизин кайтарууга шарт түзгөнүн белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Батыш өлкөлөрү киргизген санкцияларынын кесепетин тартып, жакында дагы бир кризиске тушугат. Бул тууралуу Беларусь президенти Александр Лукашенко ЕАЭБ башчыларынын жыйынында билдирди.
Анын айтымында, жамааттык Батыштын Россия менен Беларуска каршы ойлонулбай жасаган экономикалык санкцияларынын таасири солгундай баштады.
"Тыюу салууга жана чектөөгө болгон мүмкүнчүлүктөрүнүн баарын колдонуп, жадагалса өздөрүнө да зыян келтирип бүтүштү. Эми алардын аңдап түшүнүүгө жана кесепетин баалоого убакыт келди. Энергетикалык жана азык-түлүк кризиси боюнча сөздөр бардык трибуналардан айтылып калды. Жакында белгилүү өлкөлөрдө ушул эки кризиске дагы бирөө — саясий кризис кошуларын божомолдоого көп акылдын кереги жок. Анын белгилери ачык эле көрүнө баштады. Батыштын бир катар мамлекеттеринде калктын жана бизнестин нааразычылыктары барган сайын катуулоодо. Биздин өлкөлөр экономикалык коллапска туруштук бере алды, ошол эле учурда санкциянын демилгечилеринин өзү алда канча катуу жабыркады. Биз эң башкысы элибиздин жашоо деңгээлин начарлатууга жол берген жокпуз", — деди Лукашенко.
Ошондой эле ал сырткы басымдарга каршы туруу жана экономиканын туруктуулугун сактоо үчүн ЕАЭБдин биргелешкен аракеттери санкциянын мизин кайтарууга шарт түзгөнүн белгиледи. Бирок ушуну менен токтоп калбай, биримдикти стратегиялык багытта өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурууга чакырды.
Глазьев: ЕАЭБдин адаптациялык мүмкүнчүлүгү жогору