10-декабрга карата аба ырайы

10-декабрда түнкүсүн тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Ишембиде күндүз өлкөнүн айрым жерлеринде кар жаашы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө -3...-8, Таласта -2...-7, Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Ысык-Көл аймактарында 0...-5, Нарын облусунда -6...-11 градус болору айтылды.
Термометрдин көрсөткүчү борбор калаа Бишкек шаарында -6...-8, ордолуу Ошто -1...-3 градусту көрсөтөт.
Абанын киринен психикалык да оорулар пайда болот. Изилдөө