Быйыл чет өлкөлүк түз инвестициянын агымы эки эсе өстү. Келген өлкөлөр

Келген инвестициянын көлөмү тышка чыгып кетүү агымынын деңгээлинен 395 миллион долларга ашкан.
Sputnik
БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. 2022-жылдын январь-сентябрында чет өлкөлүк түз инвестициянын агымы 958 миллион долларды түздү. 2021-жылга салыштырганда 1,9 эсеге көбөйдү. Бул туурасында Статистика боюнча улуттук комитеттин маалымат кызматы билдирди.
Ошону менен бирге келген инвестициянын көлөмү тышка чыгарылгандардын агымынын деңгээлинен 395 миллион долларга ашканы белгиленди.
Чет өлкөлүк түз инвестициялардын 96 пайызга жакыны пайдалуу кендерди казуу ишканаларына, иштетүү өндүрүшүнө, финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу чөйрөсүнө, дүң жана чекене соодага, ошондой эле маалымат, байланыштарга багытталган.
КМШдан тышкаркы өлкөлөрдөн келген инвестициялардын көлөмү былтыркы тогуз айга салыштырмалуу эки эсеге көбөйгөн. Алсак, Япониядан келгендер 13 эсеге, Түркиядан 4 эсеге, Швейцариядан 2,6 эсеге, Кипрден 2,1 эсеге, Кытайдан 1,6 эсеге жана Нидерланддан 13,6 пайызга өскөн.
Тике чет өлкөлүк инвестициялардын негизги чыгып кетүү агымы (92 пайыздан ашыгы) пайдалуу кендерди казуу чөйрөсүндөгү ишканаларда, иштетүү өндүрүшүндө, финансылык ортомчулук жана камсыздандырууда, ошондой эле геологиялык чалгындоо чөйрөсүндө байкалды.
Улуттук банк жетинчи ирет интервенция жасап 60 млн. доллар сатты