Бишкекте Тоо күнүнө карата көргөзмө өтөт

Эл аралык тоолор күнү 11-декабрда белгиленет.
Sputnik
БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Бүгүн, 8-декабрда, Бишкектеги Михаил Фрунзе атындагы үй-музейде Тоолордун эл аралык күнүнө арналган көргөзмөнүн ачылышы болот. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен маалымдады.
Билдирмеге ылайык, көргөзмөдө фотографтар: Влад Ушаков, Владислав Ногай, Игорь Коваленко, Султан Досалиевдин эмгектери, Альпинизм жана аскага чыгуу федерациясынын президенти Эдуард Кубатовдун жеке архивинен сүрөттөр коюлат.
Эл аралык тоолор күнү 11-декабрда белгиленет.
"2002-жыл — Кыргызстандын демилгеси менен Тоолордун эл аралык жылы деп белгиленген. Анын жыйынтыгында Бишкекте глобалдык тоо саммити өтүп, тоону туруктуу өнүктүрүү боюнча "Бишкек тоо платформасы" кабыл алынган. Андан кийин БУУ резолюция кабыл алып, ага ылайык, 11-декабрь — Тоолордун эл аралык күнү деп жарыяланган", — деп жазылат маалыматта.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун демилгеси менен Бириккен Улуттар Уюму 2022-жылды "Тоолорду өнүктүрүүнүн эл аралык жылы" деп жарыялаган. Тийиштүү резолюция 2021-жылдын 16-декабрында БУУнун Башкы ассамблеясынын 76-пленардык сессиясында кабыл алынган.
Михаил Фрунзе атындагы үй-музей шейшембиден жекшембиге чейин саат 10:00дөн 18:00гө чейин иштейт.
Жапаров 2022-жылды эл аралык тоо жылы деп жарыялоону демилгеледи