Эргүү, идея көп болсун. Жапаров радио жана телекөрсөтүү кызматкерлерин куттуктады

Президент социалдык тармактын өнүгүшү менен салттуу журналистика мазмуну жагынан да, коомчулукка жеткирүү ыкмалары жагынан да актуалдуу контент берүү артыкчылыктарында камчы салдырбай келгенин белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров радиоуктуруу жана телекөрсөтүү кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Өлкө башчысы радио жана телекөрсөтүү кызматкерлери мезгил талабына жооп берип, ата мекендик аудиториянын телерадио продукциясына болгон суроо-талабын канааттандырып жаткандыгын айткан.
"Сиздердин кесибиңиздер өтө кызыктуу жана өтө маанилүү, сиздер кандай керемет инсандар менен баарлашып, кандай гана кайталангыс тагдырларды чагылдырып бересиздер, дайыма өлкөдө болуп жаткан окуялардын чордонунда жүрөсүздөр. Масс-медиага өз кесибин берилип сүйгөн, болуп жаткан окуяларды ар тараптуу жана калыс чагылдыра алган, таланттуу адистер ар дайым керек. Бул майрам — жалгыз эле чыгармачыл адамдардын эмес, радио жана телекөрсөтүүнүн техникалык кызматкерлеринин да майрамы. Алардын аркасы менен кыргызстандыктар түркүн маалыматтардын күбөсү болуп келе жаткандыгын белгилей кетейин", — деген Жапаров.
Сөзүнүн аягында өлкө башчысы радиоуктуруу жана телекөрсөтүү кызматкерлерине чыгармачылык эргүү, креативдүү идеяларды жана бакубат өмүрдү каалаган.
Касмамбетов: Кыргызстан — күчтүү массалык маалымат каражаттары бар өлкө