БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров депутаттардын суракка чакрылышын иликтөө үчүн жумушчу топ түздү. Бул туурасында Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев билдирди.
"Депутаттар Шайлообек Атазовго жана Жеңишбек Токторбаевге Башкы прокуратура тарабынан жасалган басым тууралуу кайрылуу болгон. Ошонун негизинде президент Садыр Жапаров жумушчу топ түздү. Аларга бир жумалык мөөнөт берилди. Башкы прокуратуранын аракеттерин иликтеп, корутундусун президентке бере турган болду. Бул маселе көңүл борборунан чыгып кеткен жок", — деди Шакиев.
Белгилей кетсек, эл өкүлдөрү Атазов менен Токторбаев прокуратурада коррупция абдан күчөгөнүн, тергөө укугу берилгенден кийин "монстрга" айланып кеткенин билдиришкен. Депутаттар ошол эле күнү Башкы прокуратурага чакырылып, үч сааттан ашык сурак берип чыгышкан.
Кийин эл өкүлдөрү аларды суракка алып кетүү мыйзамсыз болгонун белгилеп, прокуратура өз укуктарынан аша чаап кетти деп сындаган.