БУУ Россиянын космосто курал жайгаштырбоо боюнча резолюциясын кабыл алды

Резолюцияда бардык мамлекеттерге, өзгөчө космостук потенциалга ээ өлкөлөргө чакырык камтылган.
Sputnik
БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. БУУнун Башкы ассамблеясы Россиянын космоско курал жайгаштырбоо боюнча резолюциясын кабыл алды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Документти 122 мамлекет колдоп, 50сү каршы болгон, төрт өлкө калыс пикирин билдирди.
Резолюцияда бардык мамлекеттерге, өзгөчө космостук потенциалга ээ өлкөлөргө "космоско биринчи болуп курал жайгаштырбоо боюнча саясий милдеттемени колдоо" мүмкүнчүлүгүн карап көрүүгө чакырык камтылган.
Текстте БУУнун Башкы ассамблеясы Кытай менен Россия тарабынан 2008-жылы космоско курал жайгаштыруну алдын алуу боюнча демилгеленген келишимдин жаңыланган долбоорунун негизинде ишти тездетүүгө үндөдү. Резолюцияда космостогу куралдануу жарышына бөгөт коюу кечиктирилгис маселе экени белгиленген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Путин: Россиянын Украинага өзөктүк курал колдонуу ниети жок