Бишкектеги инвестициялык саммит

Россиялык бизнестин Борбор Азия экономикасына кошкон салымы айтылды

Артем Чайка Борбор Азия өлкөлөрүндө 900 миң жумуш ордун камсыз кылган 10 миңден ашуун россиялык ишканалар иштээрин айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Өнөр жайчылардын жана ишкерлердин эл аралык конгрессинин президенти Артем Чайка Бишкекте өтүп жаткан инвестициялык саммитте россиялык бизнестин Борбор Азия өлкөлөрүнүн экономикасына кошкон салымы тууралуу айтты.
Өнөр жайчылардын жана ишкерлердин эл аралык конгрессинин президенти Артем Чайка
Ал Россия менен аймактын ортосундагы соода-экономикалык мамиле динамикалуу өнүгүп жатканын белгилеген.
"Биргелешкен ири долбоорлор ийгиликтүү ишке ашырылууда. 2010-жылдан 2021-жылга карата алганда эле россиялык инвестициянын көлөмү 30,5 миллиард долларга бааланган. Борбор Азия мамлекеттеринде 900 миң жумуш ордун камсыз кылган 10 миңден ашуун россиялык биргелешкен ишканалар иштейт", — деди Чайка.
Бишкектеги инвестициялык саммит
Амангелдиев кандай ишканалар салыктан бошотулушу мүмкүндүгүн билдирди