Путин эртең Бишкекте эмне тууралуу сөз кыларын жардамчысы айтып берди

Ушаков Путин саммиттин кеңейтилген отурумунда сүйлөөрүн, андан сырткары, жабык өткөн жыйында бир нече маселе боюнча комментарий берерин айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 8-дек.— Sputnik. Россия президенти Владимир Путин Бишкекте өтө турган ЕАЭБ саммитинде Россия аталган уюмга төрагалык кылган келерки жылда приоритет боло турган маселелерди аныктайт. Бул туурасында анын жардамчысы Юрий Ушаков айткандыгын РИА Новости жазды.
Эртең, 9-декабрда, ЕАЭБ саммити болуп, ага Путин да катышмакчы. Уюмдун төрагалыгы 2023-жылдын 1-январынан тарта Россияга өтөт.
"Президент саммиттин кеңейтилген отурумунда сүйлөйт, андан сырткары, жабык өткөн жыйында тар чөйрөдө талкуулана турган бир нече маселе боюнча комментарий берет. Кеңири сүйлөгөн сөзүндө президент интеграциянын азыркы этабына баасын берип, ЕАЭБдин мындан аркы өнүгүүсү үчүн Россия төрагалык кылган учурда приоритет боло турган маселелерди аныктайт", — деди Ушаков брифингде.
Анын айтымына караганда, РФтин негизги приоритеттери ЕАЭБди өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарын актуалдаштыруу, технологиялык суверенитетти бекемдөө, ар кыл тармактарда маалыматтык технологияларды киргизүү, инвестициялык кызматташтыкты арттыруу болуп саналат.
"Биз, андан сырткары, илимий, билим берүү жана жаштар боюнча өз ара кызматташтыкты арттырууну сунуштайбыз. Өзүнчө көңүл ЕАЭБдин башка өлкөлөр жана башка интеграциялык биримдиктер менен тыгыз-кызматташуусуна коюлат", — деген Ушаков.
Саммит: Бишкекке биринчилерден болуп Лукашенко келип түштү. Сүрөт