Акылбек Жапаров: парламенттин айынан эки ботаникалык бакты оңдобой калдык

Өкмөт башчы парламентте маселе саясатташтырылып кетип жатканын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Маселе саясатташып кеткендиктен ботаникалык бактарды оңдоого каражат бөлүүнү токтотуп койдук. Бул туурасында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Акылбек Жапаров парламентте билдирди.
Депутат Дастан Бекешев Бишкектеги Ботаникалык бактын талкаланып калган сугаруу системасын оңдоого каражат бөлүүнү сурады.
"Эгер парламент тыюу салбаса, былтыр же быйыл бардык сугаруу системасын жасап, шаардыктар үчүн эки ботаникалык бак ачмакпыз. Бирок бакчаны ишке киргизүү маселесин чечүү саясатка айланып кеткендиктен ага каралган каражатты токтотууга аргасыз болдук. Азыр Илимдер академиясынын жаңы президенти менен шаар мэри тил табышып жатат. Кийинки жылы каражат бөлөбүз. Болгону бул процессти саясатташтырбаш керек", — деди өкмөт башчы.
Өз кезегинде Бекешев саясатты эмес, экология маселесин көтөрүп жатканын белгиледи.
Ошол учурда финансы министри Алмаз Бакетаев 10 миллион сом каралганын кошумчалады.
Белгилей кетсек, буга чейин Ботаникалык бакты Илимдер академиясынан Бишкек мэриясынын балансына өткөрүү демилгеси көтөрүлүп, талаш жаралган.
Депутат Козуев банктарды доллар махинациясына айыптап УКМК менен ИИМге кайрылды