11-ноябрга караган түнү бир нече киши караоке-клубдардын биринде эки жигитти сабап, андан соң качып кетишкен. Жабырлангандар милицияга кайрылышкан.
ИИМден 41 жаштагы Казак, өзүнүн 37 жаштагы шериги Б. С. менен кармалганын айтышты.
Буга чейин Казак бир нече кылмышка, анын ичинде өспүрүм кызды зордуктоого шектелип, иши сотто каралып үй камагына чыгарылган. Кийинчерээк анын ишин караган Ош шаардык сотунун судьясы Айнура Сулайманова ишиндеги башка алешемдиктеринен улам президент Сооронбай Жээнбеков тарабынан кызматтан алынган.
Умар Маратов уурулук жана каракчылык үчүн бир нече ирет соттолгон.