Бишкектеги инвестициялык саммит

Макешов: XXI кылым Кыргызстанга кванттык секирик жасоого мүмкүнчүлүк берет

Саммитте Кыргызстан финансылык дагы, логистикалык дагы борбор боло ала тургандыгы белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. XXI кылым Кыргызстанга кванттык секирик жасоого мүмкүнчүлүк берет. Бул тууралуу экономика жана коммерция министринин орун басары Чыңгыз Макешов Бишкекте өтүп жаткан инвестициялык саммитте билдирди.
Анын айтымында, ааламдашуу менен климаттын өзгөрүүсү экономиканын өзөгүнүн өзгөрүшүнө чоң салым кошуп, Кыргызстанга инвестиция тартууга мүмкүнчүлүк берет. Макешов өткөн кылымда көп өлкөлөр үчүн өнөр жай экономиканын локомотиви болсо, учурда санариптик активдер алдыңкы планга чыкканын белгиледи.
"Менимче, эң негизги баалуулук — экологиялык тазалык. Виртуалдык активдер чоң чыгымды талап кылбайт, андан тышкары, алар мамлекеттер менен элдердин ортосунда байлыкты адилеттүү бөлүштүрүүнү камсыздай алат. Эң негизгиси — 21-кылымдын Кыргызстанга кванттык секирик жасоого мүмкүнчүлүк бергендиги. Анткени биз Улуу Жибек Жолунун борборундабыз. Мурда Борбор Азия аркылуу кербендер өтсө, азыр Кытайдан Европага кабелдер өтөт жана бул жаңы инновациялык долбоорлорду ишке ашырууга шарт түзөт", — деди Макешов.
Ал өз сөзүндө Кыргызстандын ыңгайлуу жайгашуусу өлкөнүн финансылык дагы, логистикалык дагы борбор болушуна шарт түзөрүн белгилеген.
Бишкектеги инвестициялык саммит
Бишкектеги инвестициялык саммитте Кыргызстан 150 долбоор сунуштайт