БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Өткөн жылы Кыргызстанда сегиз миңге чукул адам жыныстык жол менен жугуучу инфекциялык ооруларга кабылган. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети кабарлады.
Ошол эле учурда бул илдеттер кыргызстандыктар арасында беш жыл мурдагыга салыштырмалуу азайып калганын байкоого болот.
Жыныстык жол менен жуккан негизги оорулар боюнча сандар төмөнкүдөй (алгач 2018-жылкы, андан соң 2021-жылкы эсеп көрсөтүлөт):
сифилис — 428 – 279;
гонорея — 277 – 145;
трихомониаз — 2 015 – 964;
хламидиоз — 1 292 – 1 243;
гарднереллез — 9 959 – 5 313.
Булардан тышкары, сифилис диагнозу менен өлкө боюнча 521 киши каттоодо турат.