Бишкектеги инвестициялык саммит

Рае Квон Чунг: Кыргызстан узак мөөнөттү долбоорлорго акча салбаса артта калат

Борбор Азиянын алыскы өлкөлөргө жашыл энергетика экспорттоо мүмкүнчүлүгү чоң экени белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Кыргызстан менен Казакстан санариптештирүүгө басым жасашы керек. Азыртадан ал жакка инвестиция тартып, көбүрөөк каражат салуу зарыл. Болбосо башка өлкөлөрдөн артта калат. Бул тууралуу Нобель сыйлыгынын жашыл экономика боюнча лауреаты, БУУ башкы катчысынын жашыл экономика боюнча мурунку кеңешчиси Рае Квон Чунг Бишкекте өтүп жаткан инвестициялык саммитте билдирди.
Анын айтымында, 5G технологиясына өзгөчө көңүл буруу керек.
"Азыртадан кам көрбөсө башка мамлекеттерден артта каласыңар. Кийин аны оңдоп, кууп жетүү өтө оор болуп калат. Ошондуктан азыртадан узак мөөнөттү долбоорлорго акча салгыла", — деди Рае Квон Чунг.
Жашыл экономика боюнча адис саммитте Борбор Азия өлкөлөрү Европа, Япония, Түштүк Кореяга жашыл энергетика экспорттоп, дүйнөнүн борбору боло аларына да токтолду.
"Климаттын өзгөрүшү Борбор Азия өлкөлөрүнө өзгөчө кесепетин тийгизип жатат. Бирок кандай гана кризис болбосун, ал жаңы инвестиция тартууга жакшы мүмкүнчүлүктөрдү берет. Жумуш орундары пайда болот. Борбор Азиянын алыскы өлкөлөргө жашыл энергетика экспорттоо мүмкүнчүлүгү чоң", — деди Рае Квон Чунг.
Бишкектеги инвестициялык саммит
Кыргызстан 32 өлкө менен инвестицияны коргоо боюнча келишимдерге кол койду