Бишкектеги инвестициялык саммит

Кыргызстан 32 өлкө менен инвестицияны коргоо боюнча келишимдерге кол койду

Өкмөт башчы келишимдер жакынкы убакта парламентте ратификациядан өтөрүн белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Кыргызстан 32 мамлекет менен инвестицияны коргоо боюнча келишимдерге кол койду. Алардын Жогорку Кеңеште ратификацияланышы күтүлүүдө. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкекте өтүп жаткан инвестициялык саммитте билдирди.
Анын айтымында, учурда Кыргызстан 20дан ашуун мамлекет менен инвестицияны өз ара колдоо, илгерилетүү жана коргоо боюнча эки тараптуу келишимдердин катышуучусу болуп саналат.
"32 өлкө менен келишимдерге кол коюлду. Жакында биздин парламентте ратификациядан өтөт деп ойлойм", — деп кошумчалады Жапаров.
Министрлер кабинетинин төрагасы келишимдер кайсы өлкөлөр менен макулдашылганын тактаган жок.
Бишкектеги инвестициялык саммит
Кыргызстан Евразияда Түз инвестициялар фондун түзүүнү демилгеледи